Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Пекинде 300 миң унаа жок кылынат

Дүйнө
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
342
Кытайдын борбору Пекин шаарында 2017-жылы абанын булганышына байланыштуу  300 миң автоунаа жок кылынат. Бул тууралуу  РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматтарга караганда  өткөн жылы дагы  автоунаалардын саны 340 миңге кыскартылган. Автотранспорт департаментинин жетекчиси Ли Куньшэн Пекиндеги жалпы саны 5,65 миллионго жеткен транспорт бир жылда абага 500 миң тонна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарарын айткан.  Ал эми шаар мэри Цай Ци ушул жылы айлана-чөйрөгө зыян келтирген 500 ишкана жабылып, 2,6 миң мекеме экологиялык стандартка ылайыкталып жаңыланарын билдирген. Ошондой эле,  жаратылышты коргоо полициясы түзүлүп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш жүргүзүп, мыйзам бузууларды көзөмөлгө алат. Маалыматта эгер буларга азыртан чара көрүлбөсө, адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип өпкө, жүрөк ооруларына алып келери айтылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.