Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Орусияда өсүрүмдөр полицияга ок чыгарып, өз өмүрлөрүн кыйышты

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
367

Он беш жаштагы кыз менен бала полициячыларга карата ок чыгарышты. Андан соң жаш жигит селкини атып таштап, өзүнүн дагы жанын кыйды. Окуя Орусиянын Псков облусундагы Струги Красные айылында болду.

Жигит менен кыз кароосуз үйдү ичтен бекитип, курал сактаган сейфти ачышкан. Ичкери кире албаган кыздын энеси полиция чакырган. Тартип сакчылар окуя болгон жерге келишкенде боз улан менен селки аларга ок чыгарган. Ок атууну алар тасмага тартып, “Перископ” түйүнү аркылуу түз эфирде көрсөтүшкөн.

Тасмада кыз ата-энеси менен урушуп, үйүнөн качып кеткенин түшүндүргөн. Бир нече жолу “орустар багынбайт” деген сөздөрдү айткан. Полициячылар үйдү курчап, жаштарды куралсыздандырып, ичкери кирүүгө аракет жасашкан. Бирок натыйжа чыккан эмес. Жигит дос кызын өлтүрүп, андан кийин өзү дагы атынып өлгөн.

Маалыматка караганда окуя болгон үйдө киши жашачу эмес. Анын ээси, мергенчи эки жыл мурун көз жумган. Мураскорлор үйдү жайкы чарбак катары колдонушчу.

Эки өспүрүм тең Псковдо жашап, 9-класста окушкан. Үч күн мурун алар ата-энелеринен качып кетишкен деп маалымдайт Борбордук Азия жаңылыктар кызматы.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.