Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Орусия Өзбекстан менен кызматташат

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
390
Бул тууралуу кечээ 3-апрелде Москвадагы Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, Мирзиёевдин Орусияга болгон сапары алдында эки өлкө ортосундагы  3,5 миллиард долларга тете келишимдин  биринчи бөлүгүнө кол коюлуп жатканда белгилүү болду. Мындай маалыматты Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматов билдирди. Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Орусия президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жогорку дэңгээлдеги жолугушуу бүгүн, 5-апрелде болору күтүлүүдө.
Мирзиёевдин сапарынын алдында Москвадагы өзбек элчилигинде эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 3,5 миллиард долларлык эки тараптуу 16 келишимге кол коюшту. Документтер соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарды камтыйт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.