Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Окумуштуулар карганын өзгөчө жөндөмгө ээ түрүн табышты

Дүйнө
16 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
472
Гаваи аралында жашаган каргалар тамак таап жеш үчүн эмгек шаймандарын жасап жана аларды колдонгонду билишет. Мындай каргалар  өтө сейрек кездешүүчү жөндөмгө ээ чымчыктын экинчи түрү болуп эсептелет.  Мындай маалыматты РИА Новости Nature журналына жарыяланган  макалага таянып жазды. Окумуштуулар алгач аталган каргалардын тумшугу түз экендигин байкашкан. Бул адамдын бармагына окшоп тамак таап жегенге ылайыктуу деп ойлошкон. Мындай каргаларга окшоп  эмгек шаймандарды жасаган башка канаттуулар да бар болушу керек деген жыйынтыкка келишкен. Шотландия университетинин окумуштуулары каргалар акылдуу келишет, булардын көзү да абдан курч деп аныкташкан. Гаваи аралындагы кездешүүчү карганын бул түрү 2002-жылы жер бетинде жок болуп кеткен. Бул түрдүн аты Алаа деп аталган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.