Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

​Нидерланды Казакстанда агропарк курууга ниеттенүүдө

Дүйнө
31 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Казакстандын жана Нидерланды Королдугунун премьер-министрлери Аскар Мамин менен Марк Рюттенин катышуусунда Гаагада эки өлкөнүн ортосунда 5 макулдашууга кол коюлду.
Алардын бирине ылайык, Түркстан облусунда 200 га аянтка агропарк куруу болжолдонууда. Ал эми Жамбыл облусунда казакстандык «K-Agro» жана нидерландылык «Farm Frites» компаниялары биргелешип картошка фрисин чыгаруучу ишкана курушат. Анын наркы – $145 млн.
Нидерланды Казакстандын Европадагы негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 6,5 млрд долларды, ал эми эгемендик жылдар аралыгында Нидерланды Казакстанга берген инвестициялардын көлөмү 92 млрд долларды түздү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу