Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Назарбаев 10000дик тенгенин көркү

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
469
Казакстанда Назарбаевдин портрети түшүрүлгөн 10 миң теңге банкнотасынын бет ачары өткөрүлдү.
Жаңы банкнота 1-декабрда Казакстандын Биринчи президентинин күнүнө карата жүгүртүүгө чыгарылат.
“Эгемендүүлүктүн тарыхы мамлекет башчысынын жеке ишмердиги менен тыгыз байланышкан .Ошондуктан, Улуттук банк Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын урматына ушул юбилейлик акчаны чыгарды” – деп айтты банктын төрагасы Данияр Акишев.
Айтымында, мамлекет башчылардын сүрөттөрүн банкноталарга жайгаштыруу жаңылык эмес. Нельсон Мандела, Мустафа Кемаль Ататүрк, Ли Куан Ю, Уинстон Черчилль жана башкалардын сүрөттөрү өз өлкөлөрүнүн акчаларына түшүрүлгөн.
Кошумчаласак, Казакстандагы эң чоң номиналдагы банкнота - 20 миң теңге 2015-жылдын ноябрында жүгүртүүгө киргизилген.
Жаңы банкнота казак теңгелеринин арасынан эң эле күчтүү корголгон банкнота болуп саналат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.