Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

НАСА: “100 жылдан кийин Жер абдан тескери жагына өзгөрөт"

Дүйнө
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
510
НАСАнын адистери ар түрдүү климаттык процесстердин теориялык моделдөөсүн жүргүзүштү жана биздин планета 100 жылдан кийин кандай көрүнөөөрүн  коомчулукка көргөзүштү. Адистердин пикирине караганда, жүз жылдык жердин кайра жаралуусу үчүн жетиштүү, ал эми биздин тукумдарыбыздын жашоосу тескери жагына өзгөрөт.
Окумуштуулардын белгилөөсүндө, глобалдык жылуулук муздардын тез эришине алып келет, натыйжада дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлүп, көптөгөн аймактарды каптайт.
Мындан сырткары, глобалдык жылуулук табигый катаклизмалардын санын өсүшүнө да алып келет. Торнадо, жер титирөө, токойлордун өрттөнүшү, суу каптоо, деңизден болгон катуу шамал көнүмүш көрүнүшкө айланат.
Кээ бир аймактарда кургакчылык болот, жашоого болбой калгандыктан бозгундардын саны көбөйөт. Абадагы көмүр кычкыл газынын деңгээлинин жогорулашы коралл рифтерин олуттуу кыйроого учуратат, мунун натыйжасында океандын экосистемасы өзгөрөт. Мындан башка, кургакчылыктагы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн бир тобу жок болот.
Бирок, адистер кырдаалды өзгөртүүгө болот деп болжошот. Балким, окумуштуулар абадагы көмүр кычкыл газынын концентрациясын төмөндөткөн жаңы технологияларды ойлоп табышар, анын аркасында глобалдык жылуулук токтошу мүмкүн.
Акун кызы Динара


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.