Курс НБ на 26.09.2020 $79,4998 €92,6530

Мухаммед Мурсиге чыгарылган өлүм жазасы жокко чыгарылды

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
467
Египеттин доо арыздарды караган негизги соту өлкөнүн мурдагы президенти Мухаммед Мурсиге чыгарылган өлүм жазасын жокко чыгарды. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү ММКларга жарыяланды Мурси 2011-жылдагы Хосни Мубарактын бийликтен кулаткан төңкөрүш учурунда массалык башаламандыктарга катышкан, абакта кармалган кишилерди бошотууну уюштурган деп айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал 2013-жылы бийликтен кулатылгандан бери абакта. Сот тарабынан каралган соңку териштирүү - Мурсиге карата козголгон төрт кылмыштын бири гана. Дагы бир кылмыш иши боюнча Мурси өмүр бою абак жазасына кесилген.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.