Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Москвада кыргызстандык аял, эркектер бир камерада кармалганы жалган

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
380

Москва шаарында убактылуу кармоочу жайларында “кыргыз кыздардын эркектер менен чогуу жайгаштырылганы” тууралуу социалдык тармактарда сүрөт тараган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя боюнча түшүндүрмө берди. Анда элчилик Орусиянын ИИМнин тийиштүү райондук бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта иштегени айтылат. Ошондой эле сайтта берилген кыз балдар эркектер менен чогуу бир камерада киргизилген деген маалыматты Москва шаарындагы Данилов райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү четке кагып, чындыкка дал келбеген маалымат экендигин тастыкташты.

Мээрим Бактыбек кызы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.