Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

​Миллиардер Мордашовдун аскерге кеткен уулу компаниядагы өз үлүшүн бир тууган агасына калтырды

Дүйнө
21 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
72
Россиялык миллиардер Алексей Мордашовдун уулу Кирилл алтын казуучу Nordgold компаниясынын жана TUI туроператорунун жалгыз ээси болуп калмакчы. Аталган эки компаниянын акциялары теңме тең иниси Никита экөөсүнө таандык эле. Окуудан чыгарылып, аскерге кеткен Никита өз үлүшүн агасына өткөрүп берди деп жазды Forbes журналы.
Ал эми “Интерфакс” агенттиги “Северсталдын” тең ээси Алексей Мордашовдун уулу Кириллдин “КН-Холдинг” компаниясындагы үлүшүн 50%дан 100%га чейин көбөйтүү жөнүндө өтүнүчүн Федералдык мономолияга каршы кызмат канааттандыргандыгын маалымдады.
Миллиардер Алексей Мордашовдун бардыгы болуп жети баласы бар: улуу баласы биринчи никесинен, Кирилл менен Никита экинчи никесинен, дагы бир уулу жана үч кызы үчүнчү никесинен. Кыздарынын кенжеси 2020-жылдын жайында төрөлдү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу