Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

«Мэттью» бороону 800дөн ашык кишинин өмүрүн алды

Дүйнө
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
426
Гаитиде «Мэттью» бороонунун курмандыктарынын саны кеминде 800 кишиге жетти. Куткаруучулар акыркы күндөрү алгачкы жолу океан жээгинде кыйраган шаарчага жете алышты. Океан жээктериндеги аймактардан үч миллионго жакын адам эвакуацияланды. Флорида, Жоржия, Түштүк жана Түндүк Каролина штаттарында өзгөчө абал жарыяланды. Кошмо Штаттардын бороондор боюнча улуттук борбору Мэттью алааматын төртүнчү баскычтагы бороон катары баалады. Мындай бороондун ылдамдыгы саатына 250 чакырымга чейин жетип, бак-дарактарды омкоруп, электр зымдарын үзүп, жеңил курулуштарды талкалашы мүмкүн.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.