Курс НБ на 23.07.2019 $69,6659 €77,9039

​Литвада президенттер парады

Дүйнө
12 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
34
Балтика боюндагы Литва Республикасында бүгүн 12-июль тарыхый күн. Өлкөдө президенттер парады өтүүдө десек болот. Быйыл 26-майда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Гитанас Науседа президенттик кызматына киришүүдө. Тагыраагы инаугурациясы өтүүдө десек болот.
Буга чейин 2 нөөмөт президент болгон Даля́ Грибауска́йте айымдын таржымалы да кызык. 12-июлга байланышкан окуяларга бай. 2009-жылы 12-июлда Литванын тарыхында биринчи аял президент катары катталып, кызматына киришкен. Бүгүн 2019-жылдын 12-июлунда арадан 10 жыл өткөн соң президенттик кызматын өткөрүп берүүдө. Ага чейин 2001-жылы 12-июлда каржы министри кызматына киришкен. Литванын 9-президентинин жеке турмушуна келсек, турмушка чыккан эмес. 63 жашта, балдары жок. Каратэ боюнча кара курдун ээси. Эне тилинен сырткары бир канча тилдерди билген саясатчы айым. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу