Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Кытайдын мамишканаларынын жетекчилери кандай айлык алышат?

Дүйнө
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
407
Кытайдын мамлекеттик ишканаларынын жетекчилери жылына орточо 600 миңге жакын юань (86 миң АКШ доллары) алышат. Бул тууралуу “Мэйжи цзинцзи синьвень” гезити КЭРдин Мамкеңешинин мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча комитетинин маалыматтарына таянуу менен жазып чыккан.
Булардын ичинен China Merchants Group көп профилдүү мамкорпорациясынын башкармалыгынын төрагасы көп алаары, анын  салыктарды төлөгөнгө чейинки кирешеси 1,2 миллион юанды (173 миң АКШ долларын) түзөөрү белгилүү болду. Ал эми борбордук башкаруудагы ишканалардын жетекчилеринин бир жылда иштеп тапкан орточо эмгек акылары Кытайда 500 миңден 700 миң юанга чейин жетээри айтылган. Жылына орточо 800 миң юандан ашык кирешеси барлар 40 адамды түзөт. 15 адам 1 миллион юандан ашыкты иштеп табышат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.