Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

“Кытайдын көрөгөч көзү"

Дүйнө
27 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
455
Кытайдын түштүк-чыгышындагы Гуйчжоу провинциясында жайгашкан бийик тоого орнотулган дүйнөдөгү эң ири FASТ (Five hundred meter Aperture Spherical Telescope), радиотелескобу ишке берилди.
 Ээлеген аянты 30 футбол талаасындай келген телескоптун курулушу 2011-жылы башталган. Диаметри 500 метрлик, 4450 даана үч бурчтуу чагылдыргычтардан турган телескопту курууга 180 млн доллар коротулган.
“Кытайдын көрөгөч көзү” менен адамзат мурда көрбөгөн космостук объектлерге байкоо салууга жана Жерден тышкаркы цивилизацияларды изилдөөгө болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.