Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Кытайда жаңы шаар пайда болот

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
322
Мындай маалымат zaman.kg сайтына жарыяланды.Пекинге 100 чакырым аралыкта жайгашкан таза Сюнонган шаарын куруу планын өлкөнүн Коммунистик партиясынын лидерлери кайрадан карап чыкты. Жаңы мегаполистин аянты Нью-Йорктон үч эсе чоң болору белгиленген. Бийлик Сюнонган шаарын куруу келечек муундар үчүн стратегиялык жактан маанилүү деп эсептейт. Расмий маалымат агенттиктери жаңы калаа куруу менен борбордун экологиясына, жолдоруна жеңилдик келтирүүгө болорун болжолдоодо. Азырынча аталган аймак жарым жартылай бош. Анткен менен бийликтин чечими кыймылсыз мүлк рыногунда жанданууну жаратты. Инвесторлор курулушка каражат жумшоону, келечекте кыймылсыз мүлктөрдө кымбатка сатууну ойлоно баштаган.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.