Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Кытайда туристтик объектилерде гендердик-нейтралдуу ажатканалар ачылат

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
386
Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, Кытайдын туризм иштери боюнча башкармалыгы 5А классындагы бардык туристтик объектилерде гендердик нейтралдуу ажатканаларды ачууну талап кылууда.
Быйыл Кытайда мындай ажатканалардын 604ү ачылат.
Эске салсак, 2015-жылы Кытайда өлкөнүн туристтик тартымдуулугун жогорулатуу максатында үч жылдык “ажаткана революциясы “ жарыяланган. Анткени, жакынкы мезгилге чейин эле Кытайда ар бир он миң адамга экиден гана коомдук ажаткана туура келип, ажаткана куруу урбанизациянын учурдагы деңгээлинен артта калган эле. Өлкө бийлиги аталган революцияны жарыялоодо коомдук ажаткалардын жетишсиздигине жана алардын тең салмактуу жайгаштырылбагандыгына, жагымсыз жыттар менен ыпластыкка көңүл бурган.
Быйыл программа үчүн жыйынтыктоочу жыл. Ошондуктан, бардык туристтик аймактарда, туристтик маршруттар өткөн жол бойлорунда, транспорт түйүндөрүндө, туристтик жайларда орун алган ресторандар менен оюнзоок жайларында, ошондой эле рекреациялык жөө жүрүүчү зоналардагы бардык ажатканалар “үч жылдыз” категориясына, улуттук стандарттарга ылайык курулуп, алар акысыз болушу шарт. Бул иште жаңы технологиялар жардамга келүүдө. Маселен, сиз Пекинде жүрүп, мобилдик тиркеме аркылуу жакынкы ажаткана кай жерде жайгашканын биле аласыз.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.