Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Кытайда дүйнөдөгү эң ири гендердин банкы иштей баштады

Дүйнө
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
536
Кечээ, 22-сентябрда Кытайдын Гуандун провинциясындагы Шэньчжэн шаарында Гендердин улуттук банкы расмий иштей баштады. АКШ, Япония жана ЕСтен кийинки бул төртүнчү гендердин улуттук банкы дүйнөдөгү эң ири банк болуп саналат. Анын максаты глобалдык биоартүрдүүлуктөрдү сактап калуу. Банкта 10 миллиондон ашык биоматериалдардын үлгүлөрү топтолгон.
Бардык маалыматтар 20Pb сыйымдуулуктагы санариптик сактагычтарга жайгаштылылган. Мындай сактагычтарга 40 млн кино тасманы батырууга болот жана күнүгө бир кинотасмадан көргөндө да баарысы менен таанышууга 100 миң жыл керектелет.
Гендер банкынын директору Мэй Юнхун банкка дүйнөнүн бардык булуң бурчунан биоматериалдар жыйналып, суперкомпьютерлердин жардамы менен алардын гендери чечмеленип жаткандыгын билдирди.
Медициналык технологиялардын өнүгүшү менен банкта сакталган адам клеткаларынын негизинде келечекте көп сандаган оорулардын шыпаасын табууга мүмкүн болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.