Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

Кытайда 37 миллион доллар пара алгандыгы үчүн экс-чиновник өлүм жазасына тартылат

Дүйнө
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
414
Кытай Компартиясынын Юньнань провинциясы боюнча мурдагы жетекчиси 70 жаштагы Бай Эньпай паракорлук үчүн өлүм жазасына тартылат. 2001-2011-жылдары провинцияда партиялык комитеттин башчысы, 2011-2014-жылдары Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын айлана чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген Бай Эньпайга чыгарылган өлүм жазасы эки жылдан кийин аткарылат.
Күнөөсүн толугу менен мойнуна алган Эньпай бардык саясий укуктарынан ажыратылып, үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.
Атай Алтымышев
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.