Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Кытай Сан-Томе жана Принсипинин чечимин кубаттады

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
358
Кытай өкмөтү Сан-Томе жана Принсипи өкмөтүнүн Тайвань аралынын администрациясы менен “дипломатиялык мамилелерди” токтотуу жөнүндөгү чечимин кубаттайт. Бул тууралуу бүгүн КЭР ИИМинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдирди.
“Биз Сан-Томе жана Принсипинин өкмөтү 20-декабрда Тайвань менен “дипломатиялык мамилелерди” үзүү тууралуу жарыялоосуна көңүл бурдук”, - деп айтылат КЭР ИИМинин сайтында жайгаштырылган билдирүүдө.
“Кытай тарап буга эң жогорку баасын берет жана Сан-Томе жана Принсипинин “Бир Кытай” принцибинин туура жолуна кайтып келгендигин кубаттайт, - деп кошумчалады ал. - Кытай территориялык бүтүндүктү жана суверенитетти өз ара урматтоонун негизинде башка өлкөлөр менен достук мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт”.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.