Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Кытай АКШны да азыктандыра баштады

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
374
Кытайдын Америка Кошмо Штаттарынын экономикасына чегерип жаткан тикелей инвестициясы рекорддук 8 млрд долларга жетти.
Кытайдын Синьхуа агенттиги өлкөнүн Коммерция министрлигинин жана Мамлекеттик статистикалык башкармалыгынын маалыматына таянуу менен 2015-жылы Кытайдын АКШга чегерген тикелей инвестициялары 8 млрд долларга жеткендигин билдирди.
Кытай мамлекети ушул тапта чет өлкөлүк инвестициялык булак катары АКШдан кийинки эле орунда турат. Кошумчаласак, кошуна өлкөнүн Кыргызстанга чегерген инвестицияларынын көлөмү 2 млрд долларга жетип калды.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.