Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Крым боюнча Өзбекстан Орусияны колдойт

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
373
 Крым маселеси боюнча Өзбекстан Орусияны колдойт.  Бул тууралуу БУУнун Башкы Ассамблеясында Украина Крымда адамдардын укуктары бузулуп жатканы айтылды.  Документте Крымдагы адам укуктарынын бузулушуна Орусия күнөөлөнгөн. Ал документти БУУга мүчө өлкөлөрдүн 73ү колдогон. Ал эми Өзбекстан, Армения, Белоруссия, Венесуэла, Кытай, Түндүк Корея, Индия, Иран, Казакстан жана Сириянын БУУдагы өкүлдөрү бул документке каршы деген добуш беришкен.  Кыргызстан менен Тажикстан бул маселеде тарапсыз калышкан. Белгилүү болгондой, 2014-жылдын мартында Крым Орусиянын курамына кошулган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.