Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

КМШнын тышкы иштер министрлери Ташкентте жолугушат

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
313
7-апрелде Ташкенттеги “Өзбекстан” Эл аралык форумдар сарайында КМШнын тышкы иштер министрлер Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйында 16 маселе каралат. Алардын ичинен эң эле актуалдуусу – христиандарга, мусулмандарга жана башка конфессиялардын өкүлдөрүнө кыянатчылык кылууга жана басмырлоого жол бербөө боюнча КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин билдирүүсү болуп саналат. Андан тышкары министрликтер аралык кконсултациялык иштердин 2017-жылга планы бекитилет. Быйыл негизинен эл аралык уюмдар менен кызматташууларга, маалыматтык чөйрөгө тиешелүү, ошондой эле учурдун коркунучтары боюнча консультациялар өткөрүлөт. Жыйында “Шериктештиктин маданий борборлору” программасын 2018-жылы Арменияда (Горис), 2019-жылы – Белоруссияда (Брест), 2020-жылы – Казакстанда (Чымкент) жүзөгө ашыруу боюнча чечим камбыл алынат.
Министрлер Россиянын Ички иштер министрилигинин Нижегороддогу академиясына КМШ мамлекеттеринин салык органдары үчүн кадрларды даярдоочу базалык уюм статусун берүү маселесин карашат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.