Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Казакстанда диний операция жүрүп жатат

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
407
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери "Ат-Такфир уаль-Хижра" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын операция жүргүзүүдө. Мындай маалыматты Казакстандын УКМКсы расмий сайтына жарыялады. Оперативдик иш-чаралар Алматы, Актөбө, Атырау облустары менен Алматы шаарында жүрүүдө.  Диний араздашууга шектелип  16 жаран кармалып УКМКнын аймактык органдарына жеткирилген. Алардын  жашаган жери тинтүүгө алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Эске салсак, аталган  уюм "Аль-Каида" менен "Ислам мамлекети" террордук топторунун идеологиясынын негизинде түптөлгөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.