Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Карскиден келген ызгаар Казакстанды каптады

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
386
Казгидрометтин синоптиктеринин божомолунда Казакстандын борбордук жана чыгыш аймактарында 40 градуска жеткен суук күтүлүүдө. Учурда сууктун күчү 30... 36 градуска жетүүдө. Мындай ызгаарды Карск деңизинен келген муздак антициклон жаратууда. Жакынкы үч күн аралыгында суук түнкүсун 40 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Ал эми Монголияда эртең, 17-ноябрдан тарта кескин суук түшөт. Бул өлкөгө Орусиянын Сибири тараптан муздак аба агымы каптай баштады. 17синен 25-ноябрга чейин акыркы он жыл аралыгындагы катуу суук болору божомолдонууда. Увс көлү жана Дархад ойдуңунда, ошондой эле Идэр жана Тэс дарыяларынын бассейнинде абанын температурасы түнкүсүн -42ден 47 градуска чейин, ал эми Сэлэнгэ, Хараа, Ероо, Туул, Тэрэлж, Хэрлэн, Онон, Улз жана Халх дарыяларынеын бассейндеринде 35тен 40 градуска чейин суук болот.
 
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.