Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Каримовдун кызы атасыз жашоосун ачыкка чыгарды

Дүйнө
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
374

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Лола апасы жана жолдошу менен бирге атасынын бейитине барды. Ал сүйүктүү атасын үй-бүлөсү абдан сагынып жатканын айтып, сезимдерин Instagram социалдык түйүнү аркылуу билдирди.

Лола Каримова-Тилляева атасынын Самарканддагы мүрзөсүнө баргандагы сезимдерин сөз менен жеткире албай турганын, үй-бүлөдө баары атасын сагынып, аны жоктоп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Лола атасынын көрүстөнүнө конгон ак көпөлөк туурасында айтып берди. Анын пикиринде, бул - акыретте Ислам Каримов кыйналбай, жакшы жүргөнүнүн белгиси. Каримова атасы алардын жүрөгүндө түбөлүк сакталарын кошумчалады.

Өзбекстан президентин акыркы сапарга узатуу зыйнатына 3-сентябрда өлкөнүн миңдеген жашоочулары чогулган. Ислам Каримовго аза күтүү бир нече күнгө созулган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.