Курс НБ на 27.01.2021 $84,8000 €103,0066

Капитолийди басып алууга катышкандардын айрымдары 20 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн
АКШнын федералдык прокурорунун милдетин аткаруучу Майкл Шервиндин билдирүүсүнө караганда, Капитолийди басып алууга катышкандардын айрымдары 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Бул туурасында ал кечээ, 12-январдагы пресс-конференция учурунда билдирди.
Айтымында, ФБР учурда Капитолийди басып алууга катышкан кылмышкерлерди бүт өлкө боюнча издеп жатат.
Эске салсак, аракеттеги президент Трамптын жактоочулары 6-январда Вашингтондо баш аламандыктарды уюштурушкан. Полиция менен кагылышта ондогон адамдар жаракат алып, 5 киши мерт болгон. АКШ Конгресси 7-январда демократ Байденди президенттикке бекиткен. Ал 20-январда ант берип кызматына киришет. Бирок, Трамп инаугурацияга катышпайм деп билдирди.

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек