Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Канкор чымындардын жаңы түрү пайда болду

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
379
Канкор чымындын Trichoura pardeos деп аталган жаңы түрү Түштүк Африканын Түндүк Кейп провинциясындагы Тирберг коругунда табылганын чет элдик басылмага таянып “Азаттык” маалымдады.  Аны Түштүк Африканын Квазулу-Натал музейинин кызматкери, доктор Жейсон Лондт жана Вашингтондогу Смитсон институтунун Табият тарыхынын улуттук музейинин  кызматкери Торстен Диков тапкан. Жаңы табылган канкор  чымынды  чымын каракчылары катары таанымал Asilidae түркүмүнө кошууга болот,-дешкен окумуштуулар.  Алар агрессивдүү жүрүм-туруму менен белгилүү жана алар коңуздарга, көпөлөктөргө, ошондой эле жакшы коргоно албаган ийнеликтер менен жөргөмүштөрдүн айрым түрлөрүнө кол салат. Канкор чымын алдагы бечаралар учуп баратканда буктурмада туруп кармап алат. Анан олжосунун денесине куйругундагы ийнесин сайып, уусун чачат. Уу денеге тарап кетер замат курмандыктын ичи суюктукка айланып, канкор чымын аны шимирип алат. Жаңы чымындар Түштүк Африканын алое өсүмдүгү бар кургак жерлерин байырлайт. Ушуну менен канкор чымындардын түрү жетиге жетти,- делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.