Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Канат жол аркылуу катташуу башталат

Дүйнө
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
417
Орусиянын Благовещенск жана Кытайдын Хэйхе шаарларынын ортосунда канат жолдун курулушу башталды.
Бүгүн, 22-сентябрда Синьхуа агенттиги билдирген маалыматка караганда, долбоордун наркы 119,8 млн долларды түзөт. Кытайлык тарап өзүнө тиешелүү тилкени курууга киришти.
 Амур дарыясынын үстүнөн өтүүчү канат жолдун узундугу 1 чакырымга жакын. Бир шаардан экинчи шаарга жетүүгө 20 мүнөт гана талап кылынат. Канат жол аркылуу саатына 2000 адамды ташууга болот.
Буга чейин каттам кыш мезгилинде муз каптаган дарыя жана жайкысын калкыма көпүрө аркылуу жүруп турган.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.