Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Канадалык паром муз туткунунан бошотулду

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
439
Канаданын Кейп-Бретон аралынан алыс эмес жерде бортунда 209 жүргүнчүсү бар паром музга кептелгендигин СВС телеканалына шилтеме жасаган РИА Новости маалымдады.
Highlanders парому 4-мартта Жаңы Шотландия провинциясындагы Түндүк Сиднейден жолго чыккан жана бир нече сааттан кийин музга кептелип калган. Жүргүнчүлөрдөн тышкары, паромдун бортунда 85 жүк ташуучу жана 65 жеңил автомобиль бар болгон.
Жардамга чакырылган муз жаргыч кеменин жардамы менен гана паром москва убактысы боюнча түнкү саат 03:00дө муз тукунунан бошотулган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.