Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

“Үй-бүлө намысы” дегендер өлүм жазасына тартылат

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
374
Быйыл 16-июлда Пакистанда 26 жаштагы модель жана блогер Кандил Балочту үй-бүлөбүздүн абийрин төгүп жатат деген бир тууган агасы муунтуп өлтүргөн. Америкалык тележылдыз Ким Кардашьянга салыштырышкан Кандил Балоч пакистандыктарга жат көрүнүш катары эсептелген ачык кийимдер менен сүрөттөргө түшүп, аларды социалдык түйүндөргө жайгаштырып, элге таанылган. Пакистанда жыл сайын үй-бүлө намысы үчүн жүздөгөн аялдар өлтүрүлөт жана бул жалпы кабыл алынган эреже, тагыраагы салт катары эсептелет.
Бирок, өлкөдө бул сыяктуу жазалоолорго мындан ары жол берилбейт
Пакистандын парламенти үй-бүлө намысы үчүн башкаларды өлтүрүүгө баргандарды өлүм жазасына тартуу каралган мыйзам кабыл алды.
Мыйзамга ылайык, туугандардын кечирими киши өлтүргүчтү жазадан куткара албайт – минималдуу делген эркинен ажыратуу 25 жыл болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.