Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Италиянын өкмөтү жер титирөө чыгымына каражат бөлөт

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
344
Шаршемби күнү Италиянын борборунда  болгон катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн 40 миллион евро бөлөт. Мындай маалыматты Il Messagero басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.  Маалыматтарга караганда, Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,9 баллга жеткен катуу жер силкинүү катталган.  Анда 2-3 миңдей адам турак жайсыз калган. Маалыматка таянсак, акча бөлүү тууралуу чечимдер бейшемби күнү өткөн өкмөт отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган. Италиянын премьер-министри Маттео Ренци кырсык болгон жерге бара тургандыгы айтылган. Жер титирөөдөгү кыйроолорго Виссо, Уссита, Кастельсантанджело-суль-Нера, Камерино, Акуасанта Терме жана Фабриано калктуу конуштарда кабылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.