Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Италиялыктар эшектин сүтү пайдалуу деп эшек багышууда

Дүйнө
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
885
Эшектин сүтү пайдалуу экен, италиялыктар эшек сүтүн саап жатышат деп Италиянын маалымат каражаттары жазып чыкты. Италияда 90-жылдары айыл-чарба техникасы жакшы өнүккөндүктөн эшектердин баркы кетип калган. Бирок Жузелле Борджини аттуу жаран жок болуп бара жаткан эшектердин  тукумун сактап калган. Анын фермасында 800 эшек бар. Анын сүтү лактозадан жабыркаган балдарга сунушталат. Аталган сүт кургатылып Италия аймагынын дүкөндөрүнө жөнөтүлөт. Мындан сырткары, эшектин сүтү кары-картаңдарга жана майыптарга пайдалуу дешип, италиялыктардын көбү үй жаныбары катары эшекти багышат. Өткөн жылы Рим папасына эки такай белек кылышкан. Такайлар азыр резиденцияда багылууда.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.