Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Иркутск шаарында “Боярышник” ичип каза тапкандардын саны 60тан ашты

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
447
Сибирдин Иркутск аймагында “Боярышник” парфюмериялык кошулма - лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 60тан ашты. Мындай маалыматты  “Интерфакска” саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык маалымат катчысы Татьяна Шкурская билдирди. Учурда ооруканада  40 адам дарыланууда. Аталган  каражатты сатуу менен алектенген 11 киши кармалды. Алардын кээ бирөөнө  айып тагылды. Маалыматтарга караганда “Боярышник” аттуу каражаттын курамында алкоголь бар. Аны ичип алып жабыркагандар 17-декабрь күнү кечинде ооруканага жеткириле баштаган.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.