Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Индияда жашы жеткен өспүрүмдүн куйругу алынды

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
382
Индияда жашы жетип калган баланын 18 сантиметрлик куйругун алышты. Бул тууралуу британиялык Metro агенттиги жазды. Маалыматтарга
караганда, баланын куйругун  ата-энеси жакшылыктын белгиси катары жашырып келген. Дарыгерлер куйрукту хирургиялык жол менен алып салышкан. Дарыгерлердин айтымына караганда, жигитте өскөн куйрук качандыр бир убактарда адам баласынан табылгандардын эң узуну болуп эсептелет. Аталган
куйруктун өсүүсү нерв түйүндөрүнүн жабыркоосунан улам пайда болот. Ошондой эле, аялдар кош бойлуу кезиндеги алгачкы үч айында фолий кислотасынын жетишпестигинен дагы келип чыгат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.