Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Илимпоздор картаюунун токтотуунун жолун табышты

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
432
Түштүк Кореялык Тэгу шаарындагы Илим жана Технологиялар институнун илимпоздору картаюуну токтотуучу KU-60019 деп аталган заттардын бирикмесин табышты.
Аталган зат клеткаларды жарабай калган митохондрийлерден жана башка компоненттерден тазалайт. Белгилүү болгондой клеткалардын картаюусуна лизосомдордун деградацияланышы себепкер. АТМ белогу же серин/треониндик протеинкиназа вакуолярдык АТФ-аза деп аталган ферментке фосфордук топту бириктирип, лизосомдун активдүүлүгүн азайтат. KU-60019 бирикмеси АТМдин жолун тосуп, фосфорленүүнүн деңгээлин төмөндөтөт жана картайып бараткан клеткалардын функциясын калыбына келтирет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.