Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Ильхамды интернет аркылуу мазактайм десең...

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
435
Азербайжанда интернет аркылуу Өлкө президентин мазактоого же анын ар намысына шек келтирүүгө аракеттенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Башкы прокурор Закир Гаралов Кылмыш кодексинин 323.1-беренесине толуктоо киргизүү сунушун өлкө парламентине жөнөткөндүгү белгилүү болду. Ага ылайык, айыптуу деп табылгандарга 500дөн 1000 манатка (300-500 доллар) чейин штраф салуу же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Кошумчаласак, америкалык Фридом Хаус уюмунун акыркы маалыматы боюнча интернеттеги эң эле катаал цензура Кытай, Сирия, Иран, Эфиопия жана Өзбекстанда. Интернетке чектөөлөр коюлбаган өлкөлөрдүн башкы сабында Эстония менен Исландия турат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.