Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Грузияда авиатакси кызматы иштөөдө

Дүйнө
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
331
Грузиянын "Adjara Group Hospitality" мейманкана компаниясы өлкөдөгү алгачкы авиатакси кызматын ишке киргизди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар  жазып чыгышты. "Beechcraft King Air" чакан учагы 5 жүргүнчүгө ылайыкташтырылып,  эми саякатчыларды аэропортко жеткирип турат. Кийинчерээк учакты көп жүргүнчүгө ылайыкташтыруу пландаштырылууда. Авиатаксиде саякаттоо  көпкө чейин кезек күтүү түйшүгү жок экендиги менен айырмаланат. Мындан сырткары,  ал чет өлкөгө  жакынкы Ереван, Баку, Стамбул, Трабзон (Түркия) жана башка шаарларга чейин уча алат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.