Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Грецияда байыркы шаар табылды

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
424
Байыркы шаардын калдыктарын швециялык жана британиялык археологдор Афиныдан 300 чакырым түндүктөгү Влачос кыштагына жакын жердеги дөңсөөдөн тапкандыгын чет элдик маалымат каражаттарына таянып «Азаттык» жазып чыкты. Илимпоздордун айтымында шаарды жергиликтүү эл римдиктер басып алганда болжол менен биздин заманга чейинки IV-III кылымдардан кийин таштап кеткен болушу ыктымал, -делет маалыматта.  Ошого археологдор калаа мындан 2500 жылдай мурда өкүм сүргөн деп жоромолдошкон. Байыркы калаанын ордун казып жатканда чопо идиштер, биздин заманга чейинки 500 жылга таандык делген тыйындар, мунаралардын, чеп дубалдардын жана дарбазалардын урандылары чыккан. Табылган шаардын аянттары жана көчөлөрү бул жерде чоң шаар болгонун ырастайт. Шаар коргонунун ичи 40 гектарга жакын,-дешкен археологдор.  
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.