Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Ген терапиясы адамда алгачкы жолу колдонулду

Дүйнө
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
366
Кытайдын  биологдору адамдын өпкө рагын дарылоодо CRISP/Cas9 генин колдонуп, байтаптын иммундук клеткасын кайра программага келтирген. Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги Nature журналына шилтеме кылып жазды. Маалыматтарга караганда, аталган тажрыйба августта эле башталышы керек болчу. Бирок клеткалардын модификациясы көп убакытты алган. Андан кийин Кытайда октябрь айындагы улуттук майрамдар башталып, жыйынтык болбой калган. Жалпысынан алганда биздин аракеттердин жыйынтыгы жакшы деп билдирген илимий топ. Илимий топ өпкө рагынын оор формасын дарылоодо жаңы эксперименттерди жүргүзүү боюнча Кытай бийлигинен уруксат алган. Аталган CRISP/Cas9 гени 2015-жылы америкалык окумуштуу Фэн Чжан тарабынан жасалган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.