Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Газ жаңжалы жөнгө салынат

Дүйнө
04 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
384
Орусия менен Беларус мунай менен газды жеткирүүдө жаралган чыр-чатакты жөнгө салышарын билдиришти.  Бул тууралуу Борбордук Азиянын Кабарлар кызматы жазып чыкты. Мындай макулдашууга Орусия президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенконун 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жолугушуусу маалында жетишилди.
Путиндин айтымында, келишим толугу менен 10 күндүн ичинде иштелип чыгат. Мындан тышкары тараптар 2020-жылга чейинки энергетикалык кызматташуу стратегиясын карап чыгышты,-делет маалыматта. Орусиялык маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович Беларус мунай жана газ үчүн 726 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды акырындык менен төлөп бериши керек. Бул учурда мунайды экспорттоо калыбына келтирилет.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.