Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Гамбиянын президенти мандатынын мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматтан кетүүдөн баш тартты

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
353
Гамбиянын иштеп жаткан президенти Яйя Джамме 1-декабрдагы шайлоодо утулуп калса да 19-январда мандатынын мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматынан кетүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн  президенттин жергиликтүү телевидениеде жасаган билдирүүсүнө шилтеме жасоо менен Reuters агентствосу билдирди.
Агентство: “Мен коркок эмесмин. Мени эч ким коркутуп же өз укугумдан ажырата албайт. Бул менин позициям. Мени Аллахтан башка эч ким жеңиштен ажырата албайт”, - деген Джамменин сөзүнөн шилтеме келтирген.
1-декабрда өткөн шайлоолордо өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Джамме 36,7% добуш алып, 45,5% добуш топтогон Барроуга жеңилип калган. 3-декабрда ал жеңилип калганын тааныган, бирок бир жума өткөндөн кийин шайлоо комиссияларынын “жол берилгис катачылыктары” жөнүндө билдирип, жаңы шайлоолорду өткөрүүгө чакырган.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.