Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Габриель Гарсия Маркес кыргызча сүйлөдү

Дүйнө
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
541
Колумбиялык  белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси,  журналист, саясий ишмер Габриэл Гарсия Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт” аттуу жыйнагы Кыргызстанда жарык көрдү. Ал президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "Дүйнөлүк адабияттар сериясы" алкагында басылып чыккандыгын  аталган мекеменин өкүлү Аида Ишеналиева билдирди.  Жыйнакка жазуучунун ар кайсы авторлор которгон чыгармалары, повесттери, аңгемелери, гезиттерге берген маектери киргизилген. Тактап айтсак,
кыргыз тилинде жарык көргөн китепте  Алым Токтомушев, Абибилла Пазылов, Эгемберди Эрматов жана Сагын Наматбаев которуп, убагында гезит-журналдарга жарыялаган чыгармалар топтолуптур.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.