Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Францияда куш тумоосуна байланыштуу 1,3 миллион канаттуу жок кылынат

Дүйнө
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
348
Франциянын Айыл чарба министрлиги куш тумоосунун жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу өлкөнүн түштүк батыш тарабында өрдөк, каздарды массалык түрдө жок кыла баштады. Мындай маалыматты  РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда,  20-январга чейин Франциянын Жер, Ланды жана Жогорку Пиренеи аймактарында профилактикалык иштер жүргүзүлүп, эркиндикте жүргөн өрдөктөр жок кылынат. Ал эми министрликтин маалыматында, декабрь айынан бери мамлекеттин 89 чарбачылык аймагында H5N8 куш тумоосунун күчөө ыктымалдыгы жогору экендиги аныкталган. 20-январга чейин жалпы 18 миллион канаттуунун 1,3 миллиону жок кылынат.
Айнура Шайкеева 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.