Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Фермер 400 килограммдык ашкабак өстүрүп, андан кайык жасады

Дүйнө
24 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
30

Жубайынын айтымында, Оунби өсүмдүккө күндө суу куюп, ысыкта үстүн жаап, коңуздар каптап кетпеши үчүн андан көзүн алчу эмес. АКШнын жашоочусу Жастин Оунби салмагы 400 килограммга чукул ашкабак өстүрдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жарыялады.

Теннеси штатынын тургуну төрт жылдан бери салмагы 450 килограммдык ашкабак эккиси келген. Оюндагыдай түшүм алуу үчүн ал 700 килограммдык ашкабак өстүргөн таанышына кайрылып, уругун алган.

Жубайынын айтымында, Оунби өсүмдүккө күндө суу куюп, ысыкта үстүн жаап, коңуздар каптап кетпеши үчүн андан көзүн алган эмес.

Кийин фермер ашкабактын ичин тазалап, уругун чогултуп, кабыгынан кайык жасап алган. Ага отуруп алып сууда жүргөнүн жубайы сүрөтүн соцтармакка жүктөп койгон.

Асел Барыктабасова



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу