Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Facebook негиздөөчүсү медицинадагы изилдөөлөр үчүн 3 млрд доллар бөлөт

Дүйнө
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
476
Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана жубайы Присцилла Чан  саламаттыкты сактоо жаатындагы изилдөөлөр үчүн 3 млрд доллар бөлдү. Мындай маалыматты Bloomberg маалымат агенттиги жазып чыкты. Бул каражат он жыл ичинде кайрымдуулук акчасы катары бөлүнүп турат. Каражат алгач Biohub медициналык илимий-изилдөө борборуна берилип, ага 600 млн доллар каралган. Бул борбор Стэнфорд университети, Сан-Францисконун  Калифорния университети жана Беркли университеттеринин  кызматташтыгынын артында түзүлгөн. Цукерберг кайрымдуулук иштерине активдүү катышып келет. Ал кыздуу болгондо дагы балдар үчүн кайрымдуулук иштерин жасаган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.