Курс НБ на 19.06.2019 $69,7305 €78,0284

Элчи Памирдеги кыргыздардын абалынан кабар алды

Дүйнө
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
28
Кыргызстандын  Түркиядагы элчиси  Кубанычбек Омуралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Ван провинциясына иш сапары болуп ѳттү.  Сапардын алкагында Ван провинциясынын жетекчилери менен жолугушуп, Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланды. Аны менен катар элчи   Эрджиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгинде 20 гектар аянтка жайгашкан, этникалык кыргыз Кенан Айтач түзгөн «Ата Журт» этнокомплексине барды. Этнокомплекс кыргыздардын маданиятын, каада-салттарын даӊазалайт. Этнокомплекстин аймагында боз үй, ат минүүчү жана жаа менен атууга атайын жер камсыздалган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу