Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

​Эң бышык желе тарткан жөргөмүштүн сыры ачылды

Дүйнө
23 - Август 2019
www.erkintoo.kg
36
Андай жөргөмүш Мадагаскарда жашайт.  Дарвин жөргөмүштөрү  деп аталган жөргөмүштөр  өз тукумдаштары арасында эң чоң жана эң чыйрак желе токушат. Шар формасындагы желенин диаметри 2,8 метрге, аянты 900 чарчы сантиметрден 28 000 чарчы сантиметрге чейин жетет. Желенин була жиби ысыкка чыдамкай жана оңой менен үзүлбөс синтетикалык була - кевлардан он эсе бекем болот. Аны чойсо, эки эсе узарат. Мына ошол сегиз аяктуу Дарвин жөргөмүшүнүн геномун чечмелеп окуп, америкалык биологдор желенин уникалдуулугу белокторго байланыштуу экенин билишиптир. Изилдөөнүн жетекчиси Жессика Гарб  өз кызматташтары менен Дарвин жөргөмүшүнүн буласынын түзүмүн талдап, бардык жөргөмүштөр бөлгөн булада спиндроин деген белоктун түрү MaSp1 жана MaSp2 кайталанганын көрүшкөн. Ар бир жөргөмүштүн буласынын касиети (сапаты) ушул эки белоктун кайталануусуна жана катнашына жараша болот. Ошол эле учурда  Дарвин жөргөмүшүнүн буласында үчүнчү белок (спидроин) табылды. Аны биологдор MaSp4a деп аташты. Бул белокто мурда аталган эки белоктун кээ бир компоненттери жок, бирок ал пролин деген аминокычкылдыкка өтө бай экен. Окумуштуулар Дарвин жөргөмүшүнүн буласынын чоюлчаактыгы, серпилмелүүлүгү жана бекемдиги кайсы бир деңгээлде пролинге байланыштуу деп боолголошот. «Биздин ачылыш Жердеги эң бышык биоматериал Caerostris darwini жөргөмүшүнүн буласынан токулган желеден кем эмес материалдарды жасоого пайдаланылат деп үмүт кылабыз», - дейт д-р Жессика Гарб. Ал ошол эле учурда жөргөмүштөрдүн буласынын 90% көбү изилдениши керек экенин белгилейт. Дарвин жөргөмүшүнүн буласындай сапаттуу синтетикалык була жасалса, ок өтпөс соотто пайдаланылган кевларды же хирургияда колдонулчу жибек жипти алмаштырмак,-дешкен окумуштуулар. Бул тууралуу  «Азаттык”   чет элдик булактарга таянып жазып чыккан макалада айтылган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу