Курс НБ на 28.02.2020 $69,8500 €76,4683

Дыйкандар эми өсүмүктүн оорусун телефон аркылуу билишет

Дүйнө
23 - Август 2019
www.erkintoo.kg
104
Мындай технологияны Түндүк Каролина мамлекеттик университетинин  окумуштуулары ойлоп табышыптыр.  Технология смартфонго туташтырылат жана пайдаланууга оңой. Эгер дыйкан кайсы бир өсүмдүккө оруу тийген деп шектенсе, анын жалбырагын алып, аппараттын идишине салып, 15 мүнөткө жаап коёт. Ошондо идиште учуучу органикалык кошундулардын  кеселге тийиштүүсү топтолот. Инкубациялык убак бүткөн соң берегидей учуучу органикалык заттарга каныккан аба пластик түтүкчө менен смартфонго туташтырылган эсептегичтин камерасына айдалат. Камерадагы ичке кагаз тасмалардагы химиялык реагенттер химиялык заттардын таасири астында өңүн өзгөртөт. Дыйкан кагаз тасмалардын өңүнө карап, өсүмдүктүн кеселин аныктап алат. Изилдөөгө катышкан профессор Жин Ристейно жаңы технология өсүмдүктүн дартын тез аныктап, дыйканга оорунун жайылуусун жана түшүмгө келтирчү чыгымын ыкчам ооздуктоого жардам берет деген ишенимде. Технология иштеши үчүн кагаз тасмага сиңчү атайын реагенттер ойлоп табылган. Атап айтканда, реагенттердин теңи органикалык боёчу заттар, а теңи химиялык реакцияларга реакция жасачу алтын нанобөлүкчөлөр,-делет “Азаттык” чет элдик булактарга таянып жазган макалада.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.