Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Дутерте ала жипти аттоого каршы эмес

Дүйнө
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
365
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте ала жипти аттап, аялдарынын көзүнө чөп салган эркектерди коргоого алды.
 Асыресе ал бөтөн аялдар менен никесиз байланышта болгонун моюнга алган жакын досу жана саясий өнөктөшү – Өкүлдөр палатасынын спикери Панталеон Альварести колдоду деп билдирди South China Morning Post гезити.
“Азыр эки жүздүүлөрдүн заманы. Айткылачы, кимиңердин ойношуңар болгон эмес? Дүйнөдө аялдар ушунчалык көп, бирок убакыт аз” дейт Дутерте.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.