Курс НБ на 23.02.2020 $69,8500 €75,5323

​Дүйнөдө жок болгон мөңгүгө биринчи эстелик орнотулду

Дүйнө
24 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
97
Исландияда климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам жок болгон биринчи мөңгүгүгө эстелик орнотулду. Okjokull – Исландиядагы байыркы 400 мөңгүнүн бири. Тынымсыз эрий берип аянты дээрлик бош калгандыктан, 2014-жылы мөңгү статусунан ажыраган. Исландияда жыл сайын 10 млрд тоннага жакын муз эрип кетүүдө. Көмүртек газдары олуттуу кыскартылбаса 2200-жылы жогоруда аталган 400 мөңгүнүн баарысы ээрип жок болот. Эстелик расмий түрдө 18-августта ачылат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.